Кыргызстанда 93 соода борбору иштейт, алардын дээрлик жарымы БишкектеКооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндө
Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
14.09.2026 | 16:09

Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсүнүн Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Месарош көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бүгүн, 14-сентябрда, жолдун аталган тилкеси унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды.
Шаар мэриясынын маалыматында, оңдоо иштеринин жүрүшүндө жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфратүзүмү боюнча иштер аткарылган. Жол белгилери жана коопсуздук элементтери белгиленген талаптарга ылайык келтирилген.
Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин, белгилердин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом