Кыргызстан ЕАЭБге үч жаңы темир жол жана транспорттук долбоорду сунуштады

10.09.2026 | 10:45
Кыргызстан предложил ЕАЭС три новых железнодорожных и транспортных проекта — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Москва шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында 2026-жылдын 9-сентябрында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын абалына, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле санариптик чөйрөдөгү интеграциялык кызматташтыкка тиешелүү 48 маселе каралды.

Бирликке мүчө мамлекеттердин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду — катышуучулар 2026–2027-жылдарга айыл чарба продукциясынын, азык-түлүктүн жана чийки заттын негизги түрлөрү боюнча суроо-талап менен сунуштун баланстарын жана АӨКтү өнүктүрүүнүн биргелешкен божомолдорунун долбоорун карап чыгышты. Белгиленгендей, мындай божомолдор жалпы рыноктун тең салмактуулугун, катышуучу өлкөлөрдүн өндүрүштүк потенциалын кыйла натыйжалуу пайдаланууну, өз ара сооданы өнүктүрүүнү жана жаңы өндүрүштөрдү түзүүнү камсыз кылууга тийиш.

Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы 2025-жылдагы өз ара сооданын абалы талкууланды. Кыргызстандын бирликке кирген өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү бул жылы 5,9 млрд долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге өскөн.

Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана артыкчылыктуу интеграциялык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Атап айтканда, транспорт тармагындагы артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды — Кыргызстан тарабынан тизмеге «Луговая — Балыкчы» темир жол тилкесин электрлештирүү долбоору, «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече — Макмал — Жалал-Абад» темир жолун куруу долбоору, ошондой эле Бишкектин түндүк айланма жолун реконструкциялоо долбоору киргизилди.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын «Чыгыш — Батыш» жана «Түндүк — Түштүк» багыттары боюнча түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде Кытайдын «Бир алкак — бир жол» демилгеси менен айкалыштыруу алкагында талкуулашты, ошондой эле бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунда электр энергиясы менен өз ара соода жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин долбоорун карашты.

Санариптик күн тартибинин алкагында 2027-жылы ЕАЭБдин интеграцияланган маалыматтык системасын түзүү, анын иштешин камсыздоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы каралды.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин жалпы рыногунда медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салууну өркүндөтүү — тактап айтканда, сапатсыз продукциянын рынокко чыгышын алдын алууга багытталган медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЕЭК Кеңеши каралган бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды.

Теги: кабмин
Scroll to Top