Жаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдө

14.09.2026 | 16:16
Минприроды формирует реестр и проводит лицензирование переработчиков отходов — Новости Кыргызстана

Жаратылыш ресурстары министрлиги таштандыларды утилдештирүүчү ишканалардын реестрин түзүп, кайра иштетүү тармагындагы компанияларды лицензиялоодон өткөрүүдө. Ведомствонун инспекторлору «Алтын Ажыдаар», «Эллегия», «Ак-Кайың», «Профикс-Юг», «Дюкастомс» жана «Датка КГ» өндүрүш жайларында текшерүү жүргүзүштү.

Аталган ишканалар макулатура менен картонду таңгактоочу материалдарга, текстилди — термокийизге жана пол төшөлмөлөрүнө кайра иштетишет. Желим бөтөлкөлөрдөн экспорт үчүн чийки зат өндүрүлсө, полимердик калдыктардан түтүктөр, чакалар жана щеткалар жасалат.

Министрлик лицензиясы бар кайра иштетүүчүлөргө преференцияларды (жеңилдиктерди) берүү пландалып жатканын билдирип, компанияларды лицензиясыз иш алып баргандыгы үчүн салынуучу айып пулдарды болтурбоо максатында уруксат берүүчү документтерди расмий тариздөөгө чакырды.

Scroll to Top