«Бишкек Арена» стадиону 386 млн долларга курулганы айтылды

«Бишкек Арена» стадионунун курулушунун жалпы сметалык баасы 386 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармагында билдирди.
Анын айтымында, баштапкы план боюнча стадион 30-35 миң орунга жана болжол менен 60 млн долларга эсептелген. Бирок өлкө башчы Садыр Жапаров объект бюджетке жүк болбошу үчүн аны өзүн-өзү актай турган мекемеге айлантуу максатында долбоорду өзгөртүүнү тапшырган. Мындан улам стадионду чоңойтуп, анын ичине соода борборлорду, тамактануучу жайларды, кинотеатрларды жана башка көңүл ачуучу жайларды куруу каралган.
Стадионду кеңейтүүнүн дагы бир себеби ФИФАнын талабына байланыштуу болгон. Ага ылайык, дүйнөлүк мелдештер өтө турган стадиондор 50 миңден кем эмес адамды батырышы керек.
Ошондой эле Алагозов стадион тууралуу маалыматтарды жарыялады:
- Жер тилкесинин аянты 20 гектарды түзөт;
- Курулуштун жалпы аянты — 194 248 м²;
- Имараттын бийиктиги — 70 м, кабаттуулугу — 8 кабат;
- Көрүүчүлөр үчүн орундардын саны — 51 миң 252;
- Ичинде эмнелер бар?: 48 дүкөн, 1 супермаркет, 18 соода күркөсү, 23 ресторан, 11 кафе, 4 кинотеатр жана спорт зал.
Ошентип “Бишкек-Аренанын” курулушунун жалпы суммасы 386 млн долларга жектен.
«Бирок “Бишкек Аренабыз” бул сумманы кыска убакытта эле актап тим болбостон, өмүр бою киреше бере турган мекемеге айланат. Азыртадан эле акча төлөп иш чара, концерттерди өткөрүү үчүн буйрутмалар түшө баштады», — деп кошумчалады басма сөз катчы.
Мындан тышкары ал президент курулуш материалдарынын колдонулушун, каражаттардын сарпталышын жана эмгек акылардын төлөнүшүн текшерүү үчүн Эсеп палатасынан жана башка органдардан турган комиссия түзүү тапшырмасын бергенин билдирди.