Кыргыздын улуттук суусундуктары Өзбекстандын базарына чыгат

10.09.2026 | 17:49
Кыргыздын улуттук суусундуктары Өзбекстандын базарына чыгат — Новости Кыргызстана

Кыргызстандык «Алайку Органикс» компаниясы Өзбекстандын ири «Platinum Trade Group» ишканасы менен дистрибьютордук макулдашууга кол койду. Келишимдин негизинде кыргыз компаниясы өндүргөн улуттук суусундуктар Өзбекстанга экспорттоло баштайт. Бул тууралуу КРдин Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

7–9-сентябрь күндөрү тараптар жолугушууларды, презентацияларды жана продукциянын дегустациясын өткөрүшкөн. Өзбекстандык компания «Алайку Органикс» тарабынан чыгарылган товарларга, анын ичинде «Шербет» бренди астында чыккан улуттук суусундуктарга кызыгуусун билдирген.

Макулдашууга министрликке караштуу Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен кол коюлган. Мекеме бул келишим ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгаруу жана экспорттук көлөмдү кеңейтүү максатын көздөй турганын билдирди.

Scroll to Top