Чет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болот

Туулгандыгы чет өлкөдө катталган Кыргызстандын жарандары туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн «Санарип документтер» бөлүмүнөн көрө алышат. Документ чет өлкөлүк күбөлүк Калкка кызмат көрсөтүү борборлорундагы «Кызмат» мамлекеттик мекемесинде санариптештирилгенден кийин пайда болот.
Маалыматтар «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жарандык абалдын актыларын каттоо реестринен колдонуучунун жеке идентификациялык номери (ПИН) аркылуу алынат. Тиркеме маалыматтарды өзү түзбөйт жана өзгөртпөйт.
Документте жарандын аты-жөнү, ПИНи, туулган күнү жана жери, туулгандыгы тууралуу актыларды каттоо китебиндеги жазуунун номери жана датасы, атасы менен энесинин аты-жөнү, ПИНи, жарандыгы жана улуту көрсөтүлөт. Ошондой эле документти каттоого алган ЗАГС органы жана күбөлүк берилген күн тууралуу маалымат камтылат.
Кызмат чет өлкөдө төрөлгөн Кыргызстандын жарандарына жана чет өлкөдө төрөлгөн балдардын ата-энелерине арналган. Электрондук күбөлүк паспорт алууда, жашаган жери боюнча каттоодон өтүүдө, жөлөкпулдарды алууда, баланы мектепке киргизүүдө жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынган башка жол-жоболордо керек болот.