Ош шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулат

15.10.2026 | 10:55
Ош шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулат — Новости Кыргызстана

Ош шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан Ош мамлекеттик университетинин аймагына студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда жатаканын долбоору Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгынын архитектуралык-шаар куруу кеңешинин жыйынында талкууланган. Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык даярдалган. Ал студенттерди жатакана менен камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары аталган жыйында Исанов көчөсүнүн аймагын өнүктүрүү жана жолдор менен чектелген тилкелердин шаар куруу долбоорлорун иштеп чыгуу маселелери каралган.

Scroll to Top