Чолпон-Атада жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Чолпон-Атада жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жаңы форматтагы КТБ Совет көчөсү 120 «А” дарегинде жайгашкан. Ал Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен атайын курулган жалпы аянты 300 чарчы метрге жакын имаратта жайгашты.

КТБда “бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтар көрсөтүлөт, эми паспорттоштуруу бөлүмдөрү жана ЖААК бир жерге бириктирилет, анда даректи каттоо, жарандык маселелер каралат, булуттук электрондук колтамга берилет. Документтерди кабыл алуу жана тариздөө үчүн ичинде касса, нотариус, сурап-билүү, даректик бюро жана фото кызмат көрсөтүүлөр бар. КТБ күнүнө 300-500 адамды тейлей алат.

«Буга чейин бөлүмдөр ар кайсы жерлерде жайгашып, жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жараткан. Ошондой эле, Чолпон-Ата туристтик зонанын борбору экенин эске алып, КТБнын жаңы форматын ачуу чет өлкөлүк жарандар үчүн да кошумча шарттарды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн келүүчүлөргө жана кызматкерлерге бардык шарттар түзүлгөн, ошондой эле “Инфоком” МИ тарабынан электрондук кезек, автоматташтырылган системалар кошулду, жабдуулар жана эмеректер сатып алынды.

КТБнын расмий ачылышына санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уланбек Далиев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Асель Кененбаева, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийликтин башка өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн:

Чолпон-Ата шаары Ысык-Көл облусундагы калк жыш жайгашкан шаарлардын бири болуп эсептелет, ага 12 айыл өкмөтү кирет жана калкы 100 миңге жакын адамды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>