Экономика министри Бакыт Сыдыковго Түштүк Кореядагы Шинхан университетинин ардактуу доктору даражасы ыйгарылдыОш облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдөКытайдан эки кыргыз кызы мекенине атчан кайтып келдиБишкектин четинде Иван Панфиловдун эстелиги калыбына келтирилдиЭми облус башчылары калк менен милдеттүү түрдө жылына эки жолу жолугушууга тийишКыргызстандагы саякат: Туристтер үчүн эң керектүү мобилдик тиркемелер
Чукул билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
17.03.2022 | 17:08
18-21-март күндөрү республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу.
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү 2…7° жылуу.
- Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу.
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2 сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.
Тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2022-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом