Караколдо заманбап шаардык пляж ачылды — сүрөттөрЫсык-Көлдөгү коопсуздук: ӨКМ күн сайын рейддерди өткөрүүдөТрамп «төртүнчү мөөнөт» тууралуу тамашалап, «Trump 2028» жазуусу бар кепка кийдиЫсык-Көлдө Өзбекстандын маданият күндөрү башталат: 200 артист келдиАт-Башыда жарылуудан улам бир киши колунан айрылды — текшерүү жүрүүдөКыргызстанда кафе жана ресторандарды пландан тышкары текшерүү кайтарылышы мүмкүн
Чукул билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
17.03.2022 | 17:08
18-21-март күндөрү республиканын аймактарында абанын температурасы төмөндөйт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу.
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин жетип, күндүзү 2…7° жылуу.
- Ысык-Көл облусунун дыйканчылык кылуу аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 0…5° жылуу.
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2 сууктан …+3° жылуулукка чейин жетет.
Тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа айдоочулардын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
2022-жылдын 17-мартынан 19-мартына чейин республиканын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун денгээли көтөрүлүү коркунучу жогорулайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом