Чүйдө беш адамды унаа сүзүп кетип, каза болушту. Алардын төртөө жаш балдар

Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында беш адамдын, анын ичинде жаш балдардын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Кырсыкка күнөөлүү деп шектелип, 22 жаштагы айдоочу кармалды.
Чүй облустук милициясынын маалыматында, окуя 14-майда саат 18:40 чамасында болгон. 2004-жылы туулган К. уулу И. аттуу айдоочу «Honda Torneo» үлгүсүндөгү унаа менен жогорку ылдамдыкта баратып, унааны башкара албай жолдон чыгып кеткен. Натыйжада унаа жол жээгинде турган адамдарды сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен беш жаран окуя болгон жерде каза болду:
- 1997-жылы туулган С.С.;
- 2024-жылы туулган Б.А.;
- 2020-жылы туулган А.М.;
- 2022-жылы туулган А.А.;
- 2011-жылы туулган Ч.Ф.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» менен кылмыш иши козголду.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.