Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

29.10.2026 | 09:50
Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты — Новости Кыргызстана

Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан айым Мээрим Жуманазарова финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Финалдык беттеш бүгүн, 29-октябрда, өтөт. Алтын байге үчүн таймашта Мээрим Жуманазарова кытайлык спортчу Жиа Лонг менен кез келет.

Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда. Ал жарым финалдык беттеште монголиялык балбан Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип алган.

Буга чейин Жуманазарова 1/8 финалда индиялык Сришти Сриштини 5:1 эсебинде утуп, чейрек финалда америкалык Алексис Кеннеди Блэйдсти 6:3 эсебинде таза жеңиш (туше) менен артта калтырган.

Scroll to Top