Бишкекте блокадагы Ленинграддын тургуну болгон Галина Тольская дүйнөдөн кайтты

31-октябрда Бишкек шаарында блокадагы Ленинграддын тургуну болгон Тольская Галина Ивановна 98 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Галина Тольская 1929-жылдын 1-сентябрында Ленинград шаарында төрөлгөн. Ал 1942-жылы Ленинград блокадасы учурунда шаардан эвакуацияланган. Ага «Блокададагы Ленинграддын тургуну» төш белгиси берилген.
1947-жылдан баштап Ташкент шаарындагы текстиль комбинатында эсепчи болуп иштеген. 1960-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына көчүп келип, пластмасса буюмдарын чыгаруучу заводдо бухгалтер болуп эмгектенген.
Согуш жылдарындагы оор сыноолорду башынан өткөргөнү жана блокададагы Ленинград шаарынын тургуну болгону үчүн Галина Ивановна «Блокададагы Ленинграддын тургуну» төш белгиси менен сыйланган.
Бишкек шаарынын мэриясы Галина Тольскаянын көз жумгандыгына байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.