Чүй: Жаңы-Жердеги кафеден өрт чыкты

Чүй: Жаңы-Жердеги кафеден өрт чыкты

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 12-июнь күнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыккан.

Өрт кырсыгы катталган аймакка Сокулук райондук №7 ӨКБдан 1, жарым сааттан соң кошумча аталган өрт куткаруу бөлүгүнөн дагы 1 күжүрмөн эсеп жардамга барган.

Күжүрмөн эсептин аракети менен тилсиз жоо 11:03тө чектөөгө алынып, 13:30да толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен кафенин 70 чарчы метр аянты, жанаша жайгашкан автомектептин 40 чарчы метри күйүп, 1994-жылы туулган А. Э. аттуу жаран жеңил жаракат алган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Тэги: кафе

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>