Эмилбек Абдыкадыров БУУнун делегациясы менен жолугушту

Эмилбек Абдыкадыров БУУнун делегациясы менен жолугушту

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыров БУУнун делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууга БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Граве Антье  жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координаторунун кеңсесинин жетекчиси Алам Мунавар катышты.

Тараптар бир катар долбоорлор боюнча кызматташуунун келечегин, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү эсебинен ишке ашырылып жаткан  «Ыктыярдуу жергиликтүү саресеп салуу:  Чыгыш Европада жана Борбордук Азияда жашыл, туруктуу шаарды калыбына келтирүү үчүн далил» долбоорун талкуулашты.

Маалымат: Ыктыярдуу жергиликтүү саресеп салуу — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда жетишилген прогресс жөнүндө  отчет берүүгө, ошондой эле башка шаарлар жана өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>