Ош: 66 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектүү киши колго түштү

Ош: 66 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектүү киши колго түштү

Кара-Суу районундагы кылмыштын изи сууй электе бети ачылды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  2023-жылдын 10-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун Алим-Тѳбѳ айылында  50-55 чамасындагы аял кишинин  өлүмүнө тиешеси  бар  делген    жаран колго түшүрүлдү.

Алдын ала маалыматтарга ылайык маркумду унаа менен сүзүп кеткендиги аныкталган.

Кылмышка  шектүү Баткен облусунун Кадамжай районунун 30 жаштагы  тургуну А уулу Р., аттуу жаран экендиги  аныкталып ,

Кара-Суу РИИБдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин  144-берененин (Коркунучта калтыруу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек ушул жылдын  10-июнь күнү  саат 08:00 чамасында, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө райондун аймагында талаа аркылуу агып өткөн  арыктын четинде жашы 50-55 чамасындагы азият улутундагы аялдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу жарандар кабар беришкен.

Милиция  кызматкерлери окуя  болгон  жерден жансыз дененин өздүгүн аныктоо максатында ыкчам издөө иш- чараларын жүргүзүп  маркум  Кара-Суу районунун тургуну  66 жаштагы М. М. экендиги тактаган.

Дене түзүлүшүнө сырттан кароо жүргүзүу учурунда  денесинде жаракаттары бар экендиги байкалган.

Жансыз дененин эмнеден каза болгондугун жана денесиндеги жаракаттардын оордук деңгээлин аныктоо максатында жана автоунаага карата тийиштүү  экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле  кармалган шектүүгө таандык болгон “Subaru forester” үлгүсүндөгү унаа айып короого киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>