Финнадзор кумар оюндарын бөгөттөө үчүн интернет-трафикти көзөмөлдөөнү сунуштадыБишкекте мыйзам талаптарын бузган курулуш объектилерине 1 млн сом айып салындыБишкекте кыргыз театрынын 100 жылдыгына арналган концерт өтөтКапитан Пикар менен профессор Ксавьердин ролдорун аткарган Патрик Стюарт көз жумдуДмитрий Бивол «Айтматов» тасмасында аны баарынан эмне таасирленткенин айтып бердиБыйыл агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн 12,6 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди
Чүйдө чоң атасы небересине бычак сайды. Жаш бала ооруканада
14.06.2024 | 13:23
Чүй облусунун Новопавловка айылында чоң атасы небересине бычак сайган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 13-июнда болжол менен саат 17:00до болгон. Мас абалында болгон 68 жаштагы жаран 2006-жылы туулган небереси менен чырдаша кетип, ага бычак сайган. Анын айынан жаш бала №4 ооруканага түшкөн.
Аталган факт боюнча “ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары баланын чоң атасы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Тергөө иштери уланууда.