«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 миллиард доллардан ашты, таза пайдасы 548 миллион долларды түздү27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдө
Чүйдөгү айланма жолдогу сырсыктан жабыркагандардын бирөөсү каза болду
28.05.2021 | 16:41
Бүгүн, 28-майда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун Аламүдүн районунда орун алган жол кырсыгында жаракат алгандардын бирөөсү каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 6 адам жаткырылган. Жаракат алган орто курактагы аял каза болуп калды. Төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат жана алардын үчөөсүнүн абалы оор.
Белгилей кетсек, Чүйдөгү айланма жолдо “Тайота Гайя” жана “Камаз” оор жүк ташуучу унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам аркандай жаракаттарды алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар