Кыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайы

Кыргызстан менен Азербайжан санаториялык-курорттук туризм тармагында кызматташтыкты кеңейтүүнү пландаштырууда. Кыргызстандык кесиптик кошуундардын мүчөлөрү үчүн Азербайжандын санаторийлеринде эс алууга жана ден соолукту чыңдоого жеңилдиктер каралууда. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (КБФ) төрагасы Мурадил Жумадилде уулу билдирди.
Анын айтымында, соңку эки жылда эки өлкөнүн кесиптик кошуун уюмдары кызматташтыкты кыйла бекемдеди. Буга Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү өбөлгө түздү.
«Акыркы беш жылда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтык жана боордоштук мамилелердин чыңдалышы байкалууда. Буга Карабакта мектептин курулушу жана 2026-жылдын июль айында Ысык-Көлдө мейманкананын ачылышы ачык мисал боло алат. Ушул жагдайда биз да кесиптик кошуундардын ортосундагы алаканы күчөттүк», — деди ал.
Жумадилде уулу акыркы эки жылда Кыргызстандын баштапкы кесиптик кошуун уюмдарынын өкүлдөрү Азербайжандын Эмгек академиясында билим алышканын белгиледи. Тараптар, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин кесиптик кошуундарынын эл аралык бирикмеси аркылуу тажрыйба алмашууну улантууда.
Санаториялык-курорттук дарылоону уюштуруу жана эс алуучуларды өз ара алмашуу кызматташтыктын жаңы багыттарынын бири болду.
КБФ төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 350 миңге жакын кесиптик кошуун мүчөсү бар. Бирок ата мекендик санаторийлер менен курорттордун мүмкүнчүлүктөрү эс алууга жана дарыланууга болгон суроо-талапты азырынча толук канааттандырууга жете элек.
«Тилекке каршы, акыркы 30 жылда кесиптик кошуундардын социалдык-маданий жана курорттук объектилери өтө кейиштүү абалда болгон. Ошондуктан көбү ал жакка барууну каалашчу эмес. Азыр биздин санаторийлер менен курорттордо оңдоо иштери жүрүп жатат. Азербайжандын жарандары бизге ден соолугун чыңдоого келип, ал эми биздин жарандар аларга барып эс алып, дарылана алышы үчүн өз ара алмашууну уюштурууну туура көрдүк», — деп түшүндүрдү ал.
Туристтик алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган факторлордун бири катары Жумадилде уулу эки өлкө ортосундагы түз авиакаттамдарды атады.
Анын айтымында, мурда кыргызстандыктар Азербайжанга Стамбул аркылуу учууга мажбур болушчу. Азыр түз авиакаттамдар жумасына эки ирет аткарылууда.
«Мурда аба каттамдары чектелүү болуп, Азербайжанга Стамбул аркылуу уччубуз. Бүгүнкү күндө жумасына эки жолу түз каттамдар жолго коюлду. Ушундан улам сапарлар экономикалык жактан кыйла пайдалуу болуп, суроо-талап жогору болот деп эсептейм», — деп белгиледи КБФ жетекчиси.
Тараптар ошондой эле жыл бою иштеген санаториялык-курорттук туризмди өнүктүрүүгө кызыкдар.
Жумадилде уулу түшүндүргөндөй, Кыргызстанда Ысык-Көлдөгү саналуу гана пансионаттар жыл бою эс алуучуларды кабыл алат. Ал эми Азербайжанда санаториялык-курорттук мекемелер мезгилге карабастан кызмат көрсөтүшөт.
«Биз жыл бою кызматташуу маселесин так карап жатабыз. Биздин максат — кыргызстандыктар Азербайжанга эс алууга барып, азербайжандык жарандар бизге келип турушу. Биз бир эле багыт менен чектелгибиз келбейт, эки тараптуу туризмди өнүктүрүү ниетибиз бар», — деп баса белгиледи ал.
Сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө темасы кесиптик кошуун мүчөлөрүнө жеңилдиктерди берүү болду. Жумадилде уулунун айтымында, жеңилдик алуу үчүн кесиптик кошуун уюмуна мүчөлүктү тастыктоо талап кылынат.
«Кесиптик кошуун мүчөлөрү үчүн жеңилдиктер каралат. Мүчөлүк билети бар жарандар эс алууга жана ден соолугун чыңдоого жеңилдиктерди ала алышат. Анын өлчөмү 10 пайыздан 20 пайызга чейин болот деп болжолдонууда», — деди төрага.
Ошол эле учурда арзандатуулардын так өлчөмү жана аларды берүүнүн тартиби азырынча макулдашылууда. Тиешелүү маалымат Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын расмий интернет-булактарына жарыяланат.
Жумадилде уулу ошондой эле «Бакай Банк» жана «Элкарт» менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жаңы долбоор — кесиптик кошуундун дисконттук картасы тууралуу да айтып берди.
Муну менен катар эле, Азербайжандын санаторийлеринде эс алуу кесиптик кошуун мүчөлөрү үчүн гана жеткиликтүү болбостон, баарына ачык болот. Бул багытты өнүктүрүү үчүн сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын алдыңкы туроператорлору да чакырылган.
«Биз мүмкүнчүлүктү кесиптик кошуундун мүчөлөрү менен гана чектеп койгон жокпуз. Бүгүн Кыргызстандын алдыңкы туроператорлорун чакырдык, андыктан кесиптик кошуунга мүчө болбогон адамдар да Азербайжанга өз алдынча барып, эс алып, ден соолугун чыңдай алышат. Бирок кесиптик кошуун мүчөлөрү үчүн атайын арзандатуулар болот», — деп түшүндүрдү ал.
Азербайжандын Кесиптик бирликтер конфедерациясынын делегациясынын Бишкекке болгон бул жолку сапары кыргызстандык делегациянын Азербайжанга жасаган расмий иш сапарына жооп катары уюштурулду.
Буга чейинки жолугушууда тараптар тажрыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү караган кызматташтык меморандумуна кол коюшкан.
Эми кесиптик кошуун өкүлдөрү макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну, анын ичинде туристтик сапарларды уюштурууну, жайгаштыруу шарттарын жана жеңилдиктерди берүүнү талкуулап жатышат.
Жумадилде уулунун айтымында, кызматташтыктын негизги максаты — эки өлкөнүн тең жарандары үчүн эс алуу жана ден соолукту чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге Кыргызстанда жана Азербайжанда санаториялык-курорттук туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Эльвира Сатыбекова
Анара Мамытова