Борбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылды
Чолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
21.10.2026 | 13:38

25–30-октябрь күндөрү Ысык-Көл жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук туризм боюнча федерациясы билдирди.
Мелдеш төрт дисциплина боюнча уюштурулат: узак аралык (багыт алуу), кыска аралык (тоскоолдуктарды басып өтүү), командалык жарыш жана эстафета.
Турнирге Кыргызстан, Орусия, Германия, Казакстан жана Өзбекстандын курама командалары катышат.
Ачылыш аземи 26-октябрга, ал эми жыйынтык чыгаруу жана сыйлоо аземи 30-октябрга пландалган. Иш-чараны Эл аралык спорттук туризм федерациясы жана Кыргызстандын Спорттук туризм федерациясы уюштурууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт