Садыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкуулады

Бүгүн, 20-октябрда, Бишкек шаарында өлкө башчы Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарованы кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды белгилеп, ушул жылдын июль айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган сапарында кол коюлган Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди ишке ашыруунун маанисине токтолду.
Өз кезегинде Сагиба Гафарова Садыр Жапаровго Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин саламын жеткирди. Ошондой эле ал эки тараптуу жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын билдирди.