Ошто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилди

Ош шаарында жолдорду кеңейтүү иштеринин алкагында үйлөрү бузулган 13 үй-бүлөгө «Эне-Сай» конушунан жаңы турак жайлар берилди. Жаңы үйлөрдүн ачкычтарын шаар мэри Жанарбек Акаев тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ачкыч тапшыруу учурунда шаар башчысы жүргүзүлүп жаткан иштерди түшүнүү менен кабыл алган жарандарга ыраазычылык билдирип, үйү бузулган бир дагы тургун үйсүз калбай турганын айткан. Мэрдин айтымында, учурда конушта мектептин курулушу жүрүп жатат. Ал бүткөндөн кийин окуучулар үчүн автобус бөлүнөт.
Ошондой эле шаар мэриясы ушул жылдын 5-ноябрга чейин дагы 40ка жакын үй-бүлөгө турак жай берилерин, ал эми жыл аягына чейин экинчи этап менен 50 үй-бүлө жаңы үйлүү болорун билдирди.
Мындан сырткары, конушта бала бакча, балдар ойноочу аянтчалар курулуп, кошумча коомдук транспорт каттамдары уюштурулат.
Эске салсак, Ош шаарынын Коммунист айылындагы “Эне-Сай” жаңы конушунун курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Шаар мэриясы конуш кытайлык “Куньлунь” курулуш компаниясы тарабынан куруларын билдирген.