Ош шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдө

26.10.2026 | 17:10
Ош шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдө — Новости Кыргызстана

Ош шаары Франция менен маданият, илим, инвестиция, туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүнү жана биргелешкен археологиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдын жолугушуусунда талкууланды.

Ош мэриясынын маалыматында, сүйлөшүүдө шаарга инвестиция тартуу, билим берүү демилгелерин жүзөгө ашыруу каралган. Ошондой эле Ош шаары менен Франциядагы аталышы окшош шаардын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу сунушу көтөрүлгөн.

Жыйынтыгында тараптар социалдык-экономикалык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашышкан.

Scroll to Top