Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
26.10.2026 | 17:55

25-октябрда Тажикстанда өткөн «Душанбе Гран-при 2026» эл аралык турниринде кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо боюнча улуттук федерациясы маалымдады.
21 жашка чейинки спортчулар катышкан абройлуу эл аралык мелдеш 24–25-октябрь күндөрү Душанбе шаарындагы Теннис сарайында өттү. Ага 19 өлкөдөн 227 спортчу катышты. Мелдеш Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) колдоосу менен уюштурулган.
Фадиль Исмагомбетов 100 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Бул салмак категориясында алтын медалды орусиялык Владимир Досяк, күмүш байгени грузиялык Николоз Заалишвили алса, дагы бир коло медалды азербайжандык Давуд Намазль утуп алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт