Чүйгө 8 тоннадай спирт ичимдигин ташып келаткандар кармалды

Чүйгө 8 тоннадай спирт ичимдигин ташып келаткандар кармалды

Чүй облусунун аймагына контрабандалык спирт ичимдиктерин ташып келүү жолуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

МАалыматка караганда, 24-мартта «Акжол-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда тиешелүү жүктү коштоо документтери жок, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө спирт ичимдиктерин алып келүү аракетине бөгөт коюлду.

Такталгандай, спирт ичимдиктери Кыргызстандын аймагына эл керектөөчү товарларга жамынып, 1 тонна өлчөмүндөгү атайын идиштерде ташылып келингендиги ачыкталган.

Жыйынтыгында алдын ала эсептөөлөр боюнча ташылып келинген алкоголдун жалпы көлөмү 8 тоннага жакын болгон жүк менен Мерседес-Бенц «Отего» 1221 үлгүсүндөгү 2 жүк ташуучу унаа кармалган.

Унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, Чүй облусу боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы менен биргеликте товарлардын келип чыгышын жана мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын жүргүзүү пландаштырылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>