Чыпалак баатыр: Мага Сооронбай Жээнбеков чалыптыр

Чыпалак баатыр: Мага Сооронбай Жээнбеков чалыптыр

Коомчулукка Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов ага президент Сооронбай Жээнбеков чалганын жазды. 

“Кечээ түнкү саат 12:00дө Сооронбай Жээнбеков инстаграм баракчама достук жөнөтүптүр.Эмне болуп кетти экен деп таңкалып, уктап калгам. Кийин мага видео чалуу жасаптыр. Бирок телефонумдун үнүн өчүрүп уктап калгам, укпай калыпмын.  Бүгүн эртең менен кайра чалсам жооп берген жок, кечинде жумуштап бошоп чалат го деп күтүп жаткам.  Сооронбай Жээнбеков мени менен эмнени сүйлөшөйүн деди экен деп күтүп аттым эле. Менин чындык сөздөрүм же аткарган трюктарым жакканбы, болбосо өткөндө 5 мыйзам жаздым эле ошолор жакканбы деп атам. Президенттер жөн эле чала бербейт го. Сооронбай Жээнбеков байке мага өзүнүз чалып, достук жөнөтүпсүз, кайрадан чалуу күтүп жатам”, — деп жазган Аликенов. 

Буга чейин Аликенов ага бир нече партиядан парламенттик шайлоого талапкер болууга чакыруу түшкөнүн жазган. Жогорудагы билдирүүсүндө да анын бул пикирин сындаган адамдарга тууралуу оюн айтып, ага күйөрмандык кылгандарды аларга кошулбоого чакырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>