Бишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдүПашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алындыБашкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтардыРубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкуулады
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн «Электрондук консул» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты
17.06.2026 | 17:16

Чет өлкөдөгү кыргызстандык жарандар үчүн «Электрондук консул» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, тиркеме консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
Тиркеме аркылуу жарандарга төмөнкү кызматтар электрондук форматта жеткиликтүү болот:
- Кыргызстанга кайтып келүүгө күбөлүк тариздөө;
- документтерди талап кылуу;
- кабыл алууга алдын ала жазылуу;
- убактылуу же туруктуу консулдук каттоого туруу.
Мындан тышкары, тиркемеде чет өлкөгө чыгуу эрежелери, консулдук кызматтардын тизмеси жана өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин байланыш маалыматтары камтылган. Өзгөчө кырдаалдар үчүн SOS функциясы каралып, ал жарандарга тиешелүү элчилик же консулдукка ыкчам кайрылуу жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда тиркеме тесттик режимде иштеп жатат жана Google Play платформасында жеткиликтүү. Жакынкы арада App Store платформасына жайгаштырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ТИМ