Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Сулайманов: кайрадан 7% босого менен шайлоого барсак, дагы башаламандык болот
16.10.2020 | 12:03
Эгерде биз дагы эле жети пайыздык босого менен шайлоого барсак кайрадан башаламандык болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин бүгүнкү кезексиз сессиясында сүйлөп жатып билдирди.
«Эмне үчүн 5-октябрда мындай чоң толкун болду деп жатышат? Шайлоонун аркасы менен чыктык дешет алар. Бул жерде урушуп, талашуунун кереги жок. Сураныч, үч түзөтүү киргизели: шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү жана күрөөнү 1 млн сомго чейин түшүрүү, ошондой эле No2 формасын алып салуу. Ушул пункттарды кабыл алалы, эгер 7% калтырсак, анда дагы саясий оюндар болот. Мен жаштардын үнүн сиздерге жеткирем. Жаштардын атынан суранам, ушул мыйзамды эртең карап көрөлү», – деди Сулайманов.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат