«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Өзгөндө күрүч таңгактоочу логистикалык борбор ачылды
07.06.2026 | 11:36

Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагында күрүч таңгактоочу жаңы логистикалык борбор ишке кирди. Ал суткасына 5 тонна күрүчтү тазалоого жана вакуумдук таңгактоого ылайыкталган. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында, бул ишкана дыйкандарга өндүрүлгөн күрүчтү даяр продукция катары рынокко чыгарууга шарт түзөт.
Борбордун ачылыш аземине президенттин облустагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана район акими Каныбек Апбасов катышты.
Объектинин курулушу 2025-жылдын августунда башталып, аны «Сансызбай» ЖЧКсы жүргүзгөн. Долбоордун жалпы баасы 14 млн 790 миң 786 сомду түзгөн. Каражаттар төмөнкү тараптардан бөлүнгөн:
- Ош облусун өнүктүрүү фонду — 10 млн 225 миң сом;
- Өзгөн районун өнүктүрүү фонду — 2 млн 565 миң сом;
- Жергиликтүү бюджет — 2 млн сом.
Ошондой эле АРИСтин CASA-1000 долбоорунун алкагында борборго 6 млн 800 миң сомдук заманбап жабдуулар орнотулган.