Оштогу СИЗОдо кармалган мурдагы милиция кызматкери кыйноого кабылганын билдирди
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) институтунун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесине (СИЗО) барып, камакта кармалып турган А.у.Т. аттуу жаран менен жолукту.
Мындай жолугушууга адвокат Ж.К.нын 5-июнда Facebook социалдык тармагында жарыялаган кайрылуусу негиз болгон. Адвокаттын айтымында, анын жактоосундагы адамга карата коркутуулар айтылып, психологиялык басым жана физикалык зомбулук көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч жаралган.
Ошол эле күнү Акыйкатчы институтунун өкүлү адвокат менен биргеликте Ош шаарындагы тергөө абагында кармалган жаран менен жолугушуу өткөргөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө А.у.Т. өзүнө карата психологиялык жана физикалык зомбулук №25 мекеменин начальнигинин орун басары тарабынан көрсөтүлгөнүн билдирген.
Жолугушуунун жыйынтыгында ал Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага жазуу жүзүндө кайрылып, өз укуктарын коргоону жана жеке коопсуздугун камсыздоону өтүнгөн.
Бул факт боюнча Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына кайрылуу жолдоп, арызда көрсөтүлгөн жагдайларды текшерип, укуктук баа берүүнү суранды.
Мындан тышкары, мүмкүн болгон ырайымсыз мамиленин белгилерин аныктоо жана документтештирүү үчүн Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөрүү маселеси боюнча Ош шаарынын саламаттык сактоо боюнча координаторуна кайрылуу жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, А.у.Т. 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Кийинчерээк Ноокат райондук соту аны Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337, 338, 342 жана 343-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.