«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Садыр Жапаров УКМК төрагасынын орун басарларынын бирин алмаштырды
08.06.2026 | 16:36

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде жетекчилик курамда өзгөрүү болду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.
Анын ордуна аталган кызматка Алмаз Ажыгулов дайындалды. Тиешелүү тескемелерге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Уранбек Шадыбеков орун басарлык кызматка ушул жылдын 10-февралында дайындалган эле. Ал эми 23-февралда президент ага «генерал-майор» жогорку аскердик наамын ыйгарган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: УКМК