Карба-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, өкмөт «Кумтөр» компаниясынан башка дагы кендерди өзү иштетүүнү пландап жатат.
Ал комбинат мамлекеттик карамагына өтөрүн айтты.
«Карба-Балта тоо-кен комбинаты банкрот болду. Инвесторлор сөзүнө турбай койду. Өздөрүнүн дагы ички маселелери бар. Азыр атайын администрация иштеп жатат», — деди Акылбек Жапаров.
Кара-Балта тоо-кен комбинаты 1955-жылы ишке кирген. Эгемендүүлүккө чейин ал уранды кайра иштеткен аймактагы ири ишканалардын бири болчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз