Binance криптобиржасына хакердик чабуул жасалып, 6,3 млрд доллар чыгарылып кетти

Дүйнөдөгү эң ири Binance криптовалюталык биржасына хакердик чабуул жасалып, 6,3 миллиард доллар өлчөмүндө каражат уурдалды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.
Reuters маалымат агенттигинин маалыматында, аналитиктер бул чабуулга Түндүк Кореянын тиешеси болушу мүмкүн экендигин айтышууда.
Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири И Хэ маалымдагандай, чабуул программалык камсыздоо боюнча инженердин ноутбугун бузуп кирүүгө байланыштуу болгон. Бул аракет хакерлерге сервистик контейнерге кирүүгө жана каражаттарды чыгаруу боюнча уруксат берилбеген транзакцияларды баштоого жол ачкан. Ошол эле учурда компания кардарлардын жеке крипто-капчыктарынын жашыруун ачкычтары уурдалбаганын тастыктады.
«Binance» компаниясынын жетекчиси Ричард Тенг кардарлардын акча каражаттары коопсуздукта экенин жана бардык чыгымдар компания тарабынан толукталып берилерин маалымдады. Ошондой эле уурдалган каражаттын 3 млрд долларга жакын бөлүгү Tether, Circle жана World Liberty Financial компаниялары тарабынан блокчейнде тоңдурулган. Учурда коопсуздук чараларына байланыштуу каражаттарды чыгаруу убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, бул окуядан кийин криптовалюта рыногунда Биткоиндин баасы 76 миң 368 долларга, ал эми Эфирдин наркы 3%дан ашык төмөндөп, 2 миң 178 долларга чейин түшкөн.