Дарига Назарбаева парламенттеги депутаттык мандатын тапшырды

Дарига Назарбаева парламенттеги депутаттык мандатын тапшырды

Казакстандын экс-президентинин кызы Дарига Назарбаева мажилистен кетип жатканын Zakon.kz сайтына билдирди. Reporter.kg Назарбаеванын кайрылуусунун толук текстин сунуштайт.

«Бүгүн мен Жогорку Кеңештин Мажилисинин депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, толугу менен коомдук-гуманитардык, маданий жана кайрымдуулук иштерине басым жасоону чечтим.

“Нур Отан” партиясына добуш берген казак элине, партиялаштарына жана өлкө жетекчилигине мага ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем.

Каргашалуу январь окуясы бейпил асман, казак элинин биримдиги болмоюнча өлкөбүздүн гүлдөп-өсүп, андан ары өнүгүүсү болбой турганын көрсөттү.

Болгон окуянын бардыгы биздин элибиз үчүн чоң трагедия. Мунун бардыгын тыкыр жана объективдүү иликтеп, анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр адилет жазасын алып, күнөөсүздөр бошотулушу керек деп эсептейм.

Бардыгыбыз, казакстандыктар, биздин бүткүл коомубуз «кара январдын» ачуу сабактарын алып, мындай абал эч качан кайталанбашы үчүн колубуздан келгендин бардыгын жасоого тийишпиз.

Бул үрөй учурган жана коркунучтуу күндөр анархиянын эмнеге алып келерин көрсөттү.

Биздин мекенибиз бүгүнкү күнү жана келечеги үчүн, анын улуттук суверенитетин жана көз каранды эместигин сактап калуу үчүн, тынчтык жана коопсуздук үчүн коомдун биримдигин жана баш кошкондугун көрсөтүүгө тийишпиз.

Мен мындан ары да өлкөмө жана анын кызыкчылыгына кызмат кыла берем.

Ал эми бул үчүн кызматтын кереги жок», — дейт Дарига Назарбаева өз кайрылуусунда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>