Ала-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталды

Ала-Арча суу сактагычынын жанынан жапайы куштарды көгүчкөндөрдү жем катары колдонуп мыйзамсыз кармаган жарандар аныкталды. Мыйзам бузуу мыйзамсыз аңчылыкка жана балык уулоого каршы рейд учурунда аныкталган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгы билдирди.
Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, мыйзам бузгандарга 12 миң 500 сом айып пул салынды. Алардан бир тор алынып, аны өздөрү ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти. Жырткыч куштарды азгыруу үчүн колдонулган он көгүчкөн эркиндикке коё берилди. Ал эми жарандардын жанынан жырткыч куштар табылган жок.
Башкармалык тургундарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого жана мыйзамсыз аңчылык менен балык уулоого жол бербөөгө чакырды.