Нарында мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталдыКыргызстан менен Өзбекстан интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмаштыИсхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкектин дагы бир көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алындыОш шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп ачылдыАкча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалды
Исхак Масалиев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз берди
06.11.2026 | 15:50

Бүгүн, 6-ноябрда, Исхак Масалиев президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин коюу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (БШК) арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында кабарланды.
Буга чейин президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча арыздарды Аймен Касенов (14-октябрда), Азамат Эсенбеков (27-октябрда), жоюлуп кеткен Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев (28-октябрда) жана Акай Кыдыров (4-ноябрда) беришкен.
Эске салсак, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Өлкө башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында аяктайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: шайлоо