Депутат бардык мыйзам бузуулар үчүн жазанын сөзсүз болушун камсыздоого чакырды

10.06.2026 | 11:53
Болот Ибрагимов

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Ибрагимов майда мыйзам бузуулардан тартып ири укук бузууларга чейин жазанын сөзсүз болушун камсыз кылуу зарылдыгын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдардын талаптагыдай аткарылбай жатышынын негизги себептеринин бири — жазанын сөзсүз болуу принцибинин иштебей жатканы.

«Алыска барбай эле, Ак үйдүн айланасын мисал келтирейин. Белгилүү болгондой, жакында ал жерге тосмолор орнотулду. Анткени айдоочулар унааларын тепкичке чейин жакын коюп жатышкан. Бул эмне үчүн болуп жатат? Себеби мыйзам иштебейт», — деди депутат.

Ал мамлекеттик органдарды колдонуудагы мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылууга жана мыйзам бузууларга тандалма мамиле жасабоого чакырды.

«Майда мыйзам бузуулардан баштап ири мыйзам бузууларга чейин жазанын сөзсүз болушун камсыз кылууну суранам. Биз аларды бөлбөшүбүз керек. Же мыйзам бузуу бар, же ал жок», — деп белгиледи Болот Ибрагимов.

Депутаттын пикиринде, жазанын сөзсүз болуу принциби камсыздалбагандыктан, мамлекет колдонуудагы мыйзамдардын иштешине жетишүү үчүн улам жаңы мыйзамдарды кабыл алууга аргасыз болууда.

«Тилекке каршы, азыр жазанын сөзсүз болушу камсыздалбагандыктан, биз жаңы мыйзамдарды жазууга аргасыз болуп жатабыз. Болгону ошол мыйзамдар кандайдыр бир деңгээлде иштеши үчүн», — деди ал.

Scroll to Top