Кыргызстандык режиссер эл аралык фестивалда 15 миң доллар утту

Кыргызстандык режиссер эл аралык фестивалда 15 миң доллар утту

Кыргызстандык «Жоокер» кыска метраждуу тасмасы Япониядагы Meihodo эл аралык кинофестивалында эки байге утуп алды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, тасма режиссер Аманбек Ажымат тарабынан «Кыргызфильм» киностудиясында тартылган.

Аталган тасма кинофестивалдын Алтын байге сыйлыгын (10 миң доллар менен) жана баш байгени (5 миң доллар менен) утуп алган.

Тасма тууралуу кыскача: Тасмада тарыхтын ар кайсы доорунда курман болгон жоокерлердин башка жашоодогу жолугушуусу чагылдырылат.  Алар согуштарга баа берип, бири-бири менен кимдин согушу ыйык экенин талашат. Бирок эмнеге согушуп, эмнеге өлгөндөрүн түшүнбөгөнү менен тирүүлөрдү ойго салат…

Бул тасма адам баласын согушсуз жашоого, тынчтыкка чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>