Депутат мектеп формасына калпак жана үкү топуну киргизүүнү сунуштады

Депутат мектеп формасына калпак жана үкү топуну киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев бүгүн, 26-майда парламенттин жыйынында мектеп формасы боюнча маселе көтөрүп, орто билим берүү мекемелерин улуттук формага өткөрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, форма улуттук кийимдердин негизинде болушу керек.

“Баардык мектепте бирдей эмес, улуттук кийимдердин негизинде 5-6 вариант иштелип чыкса, ар бир мектеп жакканын тандап алмак. Мисалы, жигиттерге калпак кийгизүү милдеттүү түрдө болбосо дагы, эгер окуучу кааласа кие тургандай шарт түзсөк. Кыздарга болсо кеп такыя, шөкүлө, үкү топуну вариант катары киргизсе болот. Биз светтик өлкө болгондон кийин тарыхый жактан ким экенибизди көрсөтүшүбүз керек. Аны алгач мектептен башташыбыз керек”, — деди депутат.

Жыйында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бириктирилген долбоору 1-окууда талкууланып жаткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>