Өкмөт жаңы салыктарды киргизбейбиз деп салыктарды көбөйтө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.
«Тигиге-буга салык деп эле салыктын өлчөмүн көбөйтүп жатасыңар. Бул өкмөт элдин өкмөтүбү?! Жогорку Кеңеш – элдин өкүлүбүз. Жакшы баратып эле баарын бузуп аласыңар. Бир мисал, курулуш компаниялары үчүн 12% кошумча нарк салыгын киргизип жатасыңар. Кыргызстанда 30 млн чарчы метр үй жетишпейт. Мамлекеттик ипотекалык компания 2 млн чарчы метр үй салып жатат. Калганы каяктан алат? Мисалы 3 млн сомдук үйгө 12% кошумча нарк салыгы кошулганда анын баасы 3,5 млн сом болот. 500 миң сомду табыш үчүн байкуш кыргыз дагы канча иштеш керек?! Алар үйлүү болобу же ушинтип жүрө беребизби?!», — деп суроо салды депутат.
Ал курулуш компаниялары үчүн 12% кошумча нарк салыгы киргизилгенден кийин турак жай кымбаттап, аны эл ала албай кала турганын билдирди.