Депутат жолго тамеки, таштанды ыргыткан айдоочуларды малга теңеди (видео)

Депутат жолго тамеки, таштанды ыргыткан айдоочуларды малга теңеди (видео)

Кыргызстанда унаасында баратып сыртка түкүргөн, таштанды ыргыткан айдоочуларга жаза берүү сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Ал тазалыкты сактабай, унаасынан жолго түкүрүнгөн, таштанды ыргыткан айдоочуларды малга теңеди.

“Катуу тийсе кечирим сурайм, бүгүнкү күнү анча-мынча адамдар малдан айырмасы жок болуп калды. Борбор калаабыз Бишкекте унаасы менен баратып эшигин ашып жерге балчайтып түкүрүп кетип жатат. Чеккен тамекисин, ал турсун таштандыны айнегинен ыргытып жиберет. Бул маселе боюнча чара көрүш керек”, — деди депутат.

Ал бул маселени чечүү иретинде унаасы менен баратып жерге түкүргөн, таштанды ыргыткан адамдарды сүрөт-видеого тартып алган жарандарга акчалай сый акы берүүнү сунуштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>