Депутат унаанын катализаторун саткандарды, сатып алгандарды абакка кесүүнү сунуштады (видео)

Депутат унаанын катализаторун саткандарды, сатып алгандарды абакка кесүүнү сунуштады (видео)

Депутат Тазабек Икрамов унаалардын катализаторун саткан жана сатып алган адамдарды абакка кесүүнү караштырган мыйзам кабыл алууну сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитеттин жыйынында Бишкекте ыш маселеси курч бойдон турганы, абанын булганышына катализатору жок унаалардын көбөйүп жатканы да бир себеп экени айтылды.

Жыйынга катышып жаткан ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев Кыргызстанда катализаторду сатып алууга, сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салынганын белгиледи.

Бул маселе боюнча депутат Тазабек Икрамов оюн билдирип жатып, жаза катаалдашмайынча, катализаторду сатуу, сатып алуу токтобой турганын айтты. Ал ИММдин өкүлүнө кайрылып, тиешелүү мыйзам иштеп чыгууну сунуштады.

«Катализатор саткан дагы, сатып алган дагы жарандарды 2 жылдан 3 жылга, 3 жылдан 5 жылга чейин камалсын деген мыйзам алып келсеңиздер, бул маселе токтойт. Ага чейин бул маселе токтобойт», — дейт депутат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>