ДКӨ жана ШКУ: Бишкек менен Ысык-Көлдө тез жардам кызматы кандай иштейт

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) өтүп жаткан күндөрү Бишкектеги тез жардам кызматы кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Тез жардам борборунун жетекчиси Егор Борисовдун айтымында, борбор калаада 40 тез жардам бригадасы калат. Дагы 20 резервдик бригада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларын медициналык жактан камсыздоо үчүн Ысык-Көлгө жөнөтүлөт.
Медициналык кызматтар Ысык-Көлдөгү ДКӨнүн негизги аянтчаларында нөөмөттө турушат:
— Өрнөк айылындагы Көчмөндөр цивилизациясы музейинде;
— «Рух-Ордо» маданий борборунда;
— ипподромдо жана дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде (ДТК);
— «Дордой Номадда»;
— Кырчын жайлоосунда.
Эң масштабдуу медициналык камсыздоо 100 миңге чейин адам келиши күтүлүп жаткан Кырчында уюштурулат.
Саламаттык сактоо министрлиги Оюндардын катышуучуларын жана конокторун өздөрүн начар сезген учурда дароо жакынкы медицина кызматкерлерине кайрылууга чакырды.
Кошумча медициналык бригадалар 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган «Бишкек-Арена» стадионунда да нөөмөттө турушат. Мындан тышкары, медиктер Оюндарга катышуу үчүн келген делегацияларды коштоп жүрүшөт.
Эл аралык иш-чараларды өткөрүү мезгилинде тез жардам кызматынын иштөөсү үчүн атайын схемалар жана нускамалар иштелип чыккан. Бригадалар Бишкектин аймагы боюнча шаардын ар кайсы райондорунда шашылыш медициналык жардам жеткиликтүү болгудай кылып бөлүштүрүлгөн.
Зарыл болгон учурда бейтаптар жакынкы ооруканаларга (стационарларга) жеткирилет.
Мындан тышкары, Тез жардам борбору Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) менен жол кыймылына чектөөлөр киргизилиши мүмкүн болгон учурларда тез жардам унааларын өткөрүү тартибин макулдашууда.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта «Бишкек-Арена» стадионунда, ал эми негизги мелдештер 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт.
ШКУ саммити Бишкекте 31-август жана 1-сентябрь күндөрү өтүүдө.
Эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте жана аймактарда транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр каралган.
Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маалымат өнөктөшү.