Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен жолугушту: кандай маселелер талкууланды?

31.08.2026 | 14:21
Садыр Жапаров Антониу Гутерриш менен жолугушту: кандай маселелер талкууланды? — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга «ШКУ+» жолугушуусуна жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келген БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушуунун башында Жапаров Кыргызстанга келүү чакыруусун кабыл алганы үчүн Гутерришке ыраазычылык билдирди. Ал республиканын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусу ШКУнун негизделгенинин 25 жылдыгына жана өлкө эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келгенин белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын БУУ менен мындан аркы кызматташуусунун келечегин, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле тоо жана климаттык демилгелерди глобалдык деңгээлде илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу эмес мүчөсү катары алдыдагы мүчөлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жапаров Коопсуздук Кеңешинде Кыргызстандын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын катарында эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөнү, эл аралык процесстерде чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун кеңейтүүнү, ошондой эле климаттык көйгөйлөрдү жана тоолуу аймактар туш болуп жаткан чакырыктарды чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү атады.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле 2027-жылдын 21–23-октябрында Кыргызстандын борборунда өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине («Бишкек+25») даярдык көрүү маселеси талкууланды. Саммит 2023–2027-жылдарга Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык аракеттердин беш жылдыгынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.

Садыр Жапаров БУУга саммиттин кошо уюштуруучусу болууну сунуштады.

БУУнун катышуусу иш-чарада эл аралык өкүлчүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоого тартууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы өз ара алаканы жана практикалык кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Scroll to Top