ДССУ: эмделбеген балдардын жарымынан көбү жаңжал жүрүп жаткан өлкөлөрдө жашайт

Дүйнөдө балдарды эмдөө көрсөткүчтөрү COVID-19 пандемиясынан кийинки төмөндөөнүн ордун акырындык менен толуктай баштады. Бирок миллиондогон балдар дагы эле кызамык жана башка кооптуу оорулардан корголбой калууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жылдык баяндамасында айтылат.
Уюмдардын маалыматына ылайык, 2025-жылы дээрлик 116 миллион ымыркай, же бул курактагы балдардын 90 пайызы дифтерия, селейме жана көк жөтөлгө каршы вакцинанын биринчи дозасын алган. Балдардын 85 пайызы үч дозадан турган толук эмдөө курсун аяктаган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу бир пайыздык пунктка көп болгону менен, 2019-жылдагы деңгээлге жете элек.
Бир да эмдөө албаган, тактап айтканда «нөл дозадагы балдардын» саны 13,5 миллионго чейин азайган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 750 миңге аз. Ошол эле учурда адистер дагы бир көйгөйгө көңүл бурушууда — барган сайын көбүрөөк балдар эмдөөнү баштаганы менен, аны толук аяктабай жатышат.
ЮНИСЕФ менен ДССУнун баалоосу боюнча, 7,3 миллион ымыркай дифтерия, селейме жана көк жөтөлгө каршы биринчи дозаны алган, бирок кызамыкка каршы эмделген эмес. Натыйжада кызамыкка каршы биринчи дозанын камтылышы 84 пайызды, экинчи дозаныкы 77 пайызды түзүүдө. Бул оорунун жайылышын алдын алуу үчүн зарыл болгон 95 пайыздык көрсөткүчтөн кыйла төмөн. 2025-жылы кызамыктын ири жайылышы тууралуу 57 өлкө кабарлаган.
Эмделбеген балдардын жарымынан көбү куралдуу жаңжалдар же саясий туруксуздук өкүм сүргөн өлкөлөрдө жашайт. Ал эми кирешеси орто жана жогору мамлекеттерде эмдөө камтылышынын төмөндөшүнө системалык мүчүлүштүктөр жана ата-энелердин эмдөөгө болгон ишениминин азайышы себеп болууда.
«COVID-19 пандемиясынан кийинки эмдөө көрсөткүчтөрү калыбына келе баштады. Бирок жаңжалдар, жер которуулар жана жакырчылыктан улам миллиондогон балдар дагы эле коргоосуз калууда», — деди ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел.
Өз кезегинде ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус ар бир бала согушта же тынчтыкта жашаганына карабастан, эмдөө аркылуу корголууга тийиш экенин белгиледи.
ЮНИСЕФ менен ДССУ эл аралык саламаттык сактоону каржылоонун кыскарышы жана маалыматтарды чогултуу системаларынын начарлашы балдарды эмдөө боюнча жетишилген прогрессти жайлатышы мүмкүн экенин эскертишти.