Wildberries-Russ кампаларына болгон чабуулдардан каржылык жабыркагандарга жардам берет — кененирээк

Wildberries-Russ компаниясынын негиздөөчүсү Татьяна Ким ЖМКларга билдиргендей, компания Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы логистикалык объектилеринде товарлары жабыркаган сатуучуларга төлөнүүчү каражаттардын көлөмүн жана башка каржылык колдоо чараларын иштеп чыгууда.
«Каза болгондордун үй-бүлөлөрү компаниядан 2 миллион рубль алышат. Оор абалда жабыркагандар — 1 миллион рубль. Ошондой эле биздин бардык өнөктөштөрүбүздү биздин объектилерде сакталган товарлар үчүн компенсация маселеси тынчсыздандырууда. Өзгөчө кырдаалга жана жоголгон товар үчүн компенсация төлөө милдеттенмесинин жоктугуна карабастан, биз сатуучуларга төлөнүүчү төлөмдөрдүн көлөмүн жана башка каржылык колдоо чараларын иштеп чыгып жатабыз», — деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, 2026-жылдын 18-июлунда Орусиянын Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларында Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык объектилерине түнкүсүн учкучсуз учуучу аппараттар чабуул жасап, натыйжада эки кампа комплексинде тең өрт чыккан.
Орусиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Котовскто өрт чектөөгө алынып, ачык күйүү жок кылынды; Электросталда өрттү өчүрүү иштери уланууда. Эки объектте тең кызматкерлер ыкчам түрдө эвакуацияланган.
Орусиялык ЖМКлардын алдын ала маалыматы боюнча, Электросталда 45 адам жабыркап, 1 адам каза болгон; Котовскто 7 адам каза болуп, 32си жабыркаган. Каза болгондордун жана жабыркагандардын бир бөлүгүнүн ким экенин тактоо иштери уланууда, анткени көбүнүн документтери өрттөнүп кеткен.
КР ТИМи 18-июлда өрт чыккан Орусия Федерациясынын Электросталь шаарындагы Wildberries компаниясынын кампаларында эмгектенип жаткан жана окуянын кесепетинен документтерин жоготкон, бузулган же документсиз калган кыргызстандыктар керектүү консулдук-укуктук жардам алуу үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрыла алышарын эскертет.
Мындан тышкары, дипломатиялык өкүлчүлүк документтерди тариздөөгө жана калыбына келтирүүгө көмөктөшүүгө, ошондой эле өзүнүн компетенттүүлүгүнө кирген маселелер боюнча керектүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө даяр.
Кыргызстандын жарандарына Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу сунушталат: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64-үй.
Ошондой эле жабыркагандардын арасында КР жарандарынын болушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат такталууда.
Учурда каза болгондордун арасында КР жарандары бар экендиги тууралуу расмий тастыкталган маалымат жок экенин эскертебиз. Бир кыргызстандык — 2005-жылы туулган Ж. уулу А. жеңил жаракат алып ооруканага жаткырылган; анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Буга чейин элчиликке түнкү нөөмөттө иштеген 2005-жылы туулган КР жараны (кыз киши) дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кийинчерээк ал туугандары менен байланышка чыгып, жумуш ордунан эрте кеткенин, ал эми телефону өчүк болгонун билдирген.
Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүккө эвакуацияланууга үлгүргөн, бирок жеке буюмдарын жана документтерин жоготкон эки кыргызстандык кайрылган. Аларга мекенине кайтып келүү үчүн күбөлүктөрдү тариздөөдө көмөк көрсөтүлдү.
КР Элчилиги Орусиянын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле мекендештер топтору жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аркылуу жабыркаган жарандарды издөө иштерин улантууда.