Дүйнө чемпионатына тандап алуу: Кыргызстан алгачкы эки оюнун өткөрөт

Дүйнө чемпионатына тандап алуу: Кыргызстан алгачкы эки оюнун өткөрөт

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын экинчи айлампасынын алкагында ноябрь айында алгачкы эки беттешин өткөрөт.

Биринчи оюн 16-ноябрда Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарындагы «Букит Жалил» стадионунда өтөт. Анда Кыргызстан Малайзия менен беттешет.

Андан кийин «ак шумкарлар» 21-ноябрда Оман менен ойнойт. Бул беттеш Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Тандап алуу турундагы калган беттештер 2024-жылы өтөт.

Эске салсак, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи айлампасында Оман, Малайзия жана Кытайлык Тайбей менен бир тайпага жайгашкан. Дүйнө чемпионаты менен Азия кубогуна тандоо оюндары бир өткөрүлгөндүктөн, өз тайпасында алдыңкы эки орунду ээлеген курамалар Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын 3-айлампасына чыгат жана 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>