Кореянын окуу жайындагы нурлары түз болгон Кыргызстандын туусу алынды (видео)

Кореянын окуу жайындагы нурлары түз болгон Кыргызстандын туусу алынды (видео)

Кореянын Тэжон шаарынын Ханбат улуттук университетиндеги нурлары түз болгон Кыргызстандын туусу алынды. Бул тууралуу Кореядагы элчи Аида Исмаилова билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакта Кореядагы университеттердин биринин алдында илинип турган Кыргызстандын туусунун видеосу жарыяланган. Видеодон көрүнгөндөй, туудагы күндүн алкагы өтө жоон жана нурлары түз болуп турат. Мындан улам соцтармактын колдонуучулары «Кореядагы университет Кыргызстанда сунушталып жаткан жаңы тууну илип койгонбу?» деп нааразычылыктарын билдирген.

Аталган окуя боюнча элчи Аида Исмаилова түшүндүрмө берип, университет Кыргызстанда сунушталып жаткан «жаңы тууну» эмес, азыркы туунун туура эмес вариантын илип койгонун билдирди. Элчилик университет менен байланышкандан кийин алар тууну алып, кечирим сураган.

“Элчилик университет менен ыкчам байланышып, илинген туу Кыргызстандын расмий бекитилген желегине дал келбей турганын маалымдады. Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, желекти жергиликтүү фирмадан буйрутма кылышкан. Бул үчүн университеттин жетекчилиги кечирим сурашты”, — дейт элчи.

Туунун автору: Туунун түп нуска үлгүсү революция учурунда өрттөнүп кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>