Дүйнөлүк куран жарышта Курбанбеков 2-орунду камсыздады

Дүйнөлүк куран жарышта Курбанбеков 2-орунду камсыздады

Иранда өткөн дүйнөлүк куран жарышта кыргызстандык кары 2-орунду багындырды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Иранда дүйнөлүк куран жарышы өтүп, ага 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн.

Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышты. Дүйнөлүк куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду камсыздады.

Жыйынтыгында 1-орунду Иран, 2-орунду Кыргызстан, 3-орунду Ливан алган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>