Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттү

11.09.2026 | 17:36
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Айтышка 16 төкмө акын катышып, жуптар чучу-кулак аркылуу аныкталды. Калыстар тобу катышуучулардын сөз байлыгын, чечендигин, комуз чертүүсүн жана сахна маданиятын эске алуу менен упайларды белгиледи.

Айтыштын жыйынтыгында баш байге Тынчтык Эсенбай уулуна ыйгарылып, ага 500 миң сом берилди. Биринчи орунду Шайлообек Отунчиев ээлеп, 400 миң сом алды. Экинчи орун Турат Жумаевге (300 миң сом), үчүнчү орун Арген Биймырза уулуна (200 миң сом) берилди.

Мындан тышкары, Баян Акматовго жана Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна 100 миң сомдон атайын байге тапшырылды. Айтышка катышкан калган 10 акындын ар бирине 80 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурган.

Scroll to Top